
Кыргызстандык эки балбан рейтингдик мелдеште байге утту
14-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЭркин күрөш боюнча кыргызстандык эки балбан Венгрияда өтүп жаткан Polyak Imre&Varga Janos мелдешинде күмүш жана коло байге алды.
Аталган эл аралык рейтингдик мелдеш 13-июлда башталып, 16-июлда жыйынтыкталат.
Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча балбандар таймашып, 57 кг салмакта Алмаз Самнбеков күмүш, 65 кг салмакта Икромжон Хажимуродов коло байге алды.
Булак: Аргумент кж