Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов эл аралык мелдеште күмүш утту

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов эл аралык мелдеште күмүш утту

31-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 30-июлда Екатеринбург шаарында «Екатеринбург башчысынын кубогу» эл аралык мелдеши аяктады.

Чемпионатка, Кыргызстан, Россия Өзбекстан.  жана Молдовандан динамикалык пирамида  боюча  63 чебер катышты.

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов финалда  орусиялык  Максим Эверенге 4:6 эсебинде утулуп экинчи оорунга ээ боолду. Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Мелдештин байге фонду 2,8миллион рубль.