
Кыргызстандагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады
29-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстандагы Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун курулушунун алкагында салынып жаткан «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Тоннелдин узундугу 3 миң 890 метрди, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуар үчүн каралган) жана бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Ал Кыргызстандагы эң чоң тоннель болуп саналат. Учурда ал жакта тазалоо, бекемдөө иштери уланууда.
Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк — Түштүк альтернативалык жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан.
Тоннель 2024-жылдын аягына чейин толук бүткөрүлөт деп пландалууда. Долбоордун баасы 136 млн долларды түзөт.
Булак: Аргумент кж