Кыргызстанда орточо айлык акы 30 миң сомду түзөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстанда бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы 2023-жылдын январь-февралында 30 миң 93 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтуусунда, аталган көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге жогору.

“Өсүш искусства, мамбашкаруу жана коргоо, социалдык камсыздоо, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык кызмат, маалымат жана байланыш, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган”, – деди ал.

Аргумент.kg