Кыргызстанда намаз үйрөнүү сабагын кошсо колдойт белеңиз?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы мезгилдерде КРда ислам динин кыймылдары кулачым кеңири жайып баратат.  Өзгөчө жаштардын арасында бул динди тутунам дегендер арбын. Ал турсун шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү да, өздөрүн пиарлоо үчүн да, ислам динин өзүн болбосо да, сырткы хиджап өңдүү кийимдерин пайдалана калышат. Коомчулуктун айрым өкүлдөрү жалпы ислам динине каршы болбосо да, хиджап жамынып, обу жок сакал койгодорду ачык жактырышпайт. Ал турсун мындайларга мыйзам түрүндө тыюу салыш керек деп ачык айтышууда. Кийинки мезгилде куранды туура үйрөнүнү сабак катары киргизүү керек деген демилге көтөрүлүүдө. Бирок муну коомчулук кандай кабыл алат элибиздин ичинде дин жаатында бөлүнүп жарылууга алып келбейби дегендер да жок эмес. Урматтуу окурман сиз мындай окуулардын  болушун колдойсузбу же жокпу?Оюңузду билдириңиз

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg