Кыргызстанда кайрадан карантин киргизилеби?
08-чын куран, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКарантин чараларын кайрадан киргизүү эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ар бир аймактын эпидемиолотиялык абалды көзөмөлдөй турган жергиликтүү штабы бар. Бул боюнча алар кырдаалга карап чечим кабыл алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
«Акыркы аптада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыктан, кошумча орундар даярдалды. Улуттук госпиталда 110 керебет (анын ичинен 10у интенсивдүү терапия үчүн). Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 55 орун (анын ичинен бешөө интенсивдүү терапия үчүн) даярдалды» деди
Улукбек Бектурганов. Ошондой эле министрдин орун басары 3-толкунга толук дая экендигин кошумчалап өттү.