
«Кыргызстан сулуусу-2023» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Гран-прини ким утту?
04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКечээ, 3-октябрда Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2023» сынагы болуп өттү. Анда 17 сулуунун ичинен 3 бийкеч өлкө сулуусу деп табылды.
Ал эми Гран-прини 21 жаштагы бийчи, модель Акылай Калбердиева жеңип, таажыны «Кыргызстан сулуусу-2022» наамынын ээси Диами Алмазбекова өткөрүп берди.
Сулуулар сынагында:
21 жаштагы Акылай Калбердиева жеңүүчү деп табылып, акчалай байгеге ээ болду;
25 жаштагы Майя Турдалиева эл аралык Miss Universe сынагына катышуу укугун алды;
21 жаштагы Айпери Кеңешбекова эл аралык Miss Earth сынагына катышууга укук алды;
Сынакта «Бишкек сулуусу» да аныкталды, ал 22 жаштагы Айгерим Сатымбек кызы болду.
Сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова сайтка Кыргызстандын сулуусу болуп 3 бийкечтин тандалганы боюнча буларды айтты.
«Быйыл сынактын шарттары, эрежелери өзгөрдү. Буга чейин бир эле кыз жеңүүчү болуп, бир кызга эле таажы тагылчу. Бул жолу атайын 3 окшош таажы буюртма кылдык. 3 кыз тең Кыргызстандын сулуусу деген наамга татыктуу. Анын экөө эл аралык сынактарга барганга укук алат», — деди.
Булак: Аргумент кж