Кыргызстан Казакстан менен сууга электр энергиясын алмашышат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстан менен Казакстан сууну электр энергиясына алмашууну макулдашты. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн башчысы Алихан Смаиловдун катышуусундагы Суу кеңешинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Казакстан өкмөтүнүн сайтында маалымдалгандай, жыйын учурунда Кыргызстан менен электр энергиясын алмашуу жана Казакстандын түштүк аймактарын суу менен камсыздоо маселеси каралган. Отурумда тараптар өз ара пайдалуу шартта электр энергиясы менен алмашуу жана суу менен камсыздоо боюнча макулдашканы айтылды.

Билдирүүдө «өз ара пайдалуу шарт» кандай экени белгиленген эмес. Кыргыз өкмөтү бул боюнча маалымат бере элек.

2021-жылы декабрда Казакстандын ал кездеги премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуу учурунда Кыргызстан жай мезгилинде кошумча суу агызганына ыраазычылык билдирген. Муну менен Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйкандардын сугат суусуна болгон муктаждыктары камсыздалганы айтылган.

Кийинчерээк Кыргызстандын Энергетика министри суу сатылбаганын, товар алмашуунун негизинде кыргыз тарап электр энергиясын алганын билдирген.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болууда. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

2022-жылы Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан 3 млрд кВт/саат электр энергиясын жеткирүүгө макулдашкан.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg