
Кыргызстан боюнча 47 бинардык опцион жабылды
17-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 47 бинардык опцион жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз опциондорго байланыштуу өлкөдөгү бардык оюн-зоок жайлар текшерүүгө алынат. Учурда жабылган 47 бинардык опциондун имараттарындагы жазуулар алынып салынган. Алар Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан.
«Алар бинардык опциондорду соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тишелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, аталган опциондорго тиешелүү компьютердик техникалар алынды», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж