«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

23-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы минситрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында  Финансы министрлиги тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 16-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Саламаттык сактоо жана Каржы министрликтерин сынга алынган .

Мамлекет башчы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнбөгөнүнө абдан нааразы болгон.