Саясат Бизде ондогон улуттун өкүлдөрү жашашат, алардын баары Кыргызстандын жарандары. Алар тегине, улутуна, динине карабай мамлекеттик кызматтарга тартылышып, кыргыз өлкөсү үчүн кызмат кылууга укуктары бар. Ошол эле кезде өлкөнүн ички, тышкы саясатын жүргүзүүдө улуттун жүзү, улуттук кызыкчылык деген болушу керек. Башка улуттун өкүлдөрү мамлекеттик жетекчилик кызматтарга дайындалышса да, Кыргызстандын башка өлкөлөрүндөгү элчилик кызматтарын аркалоолору акылга сыйбас көрүнүш. Андай адамдар мамлекеттик тилди, маданиятты жакшы билиши керек. Дегенибиз, ЖКнын мурдагы депутаты, мамлекеттик тилди билбеген уйгур улутундагы Фархат Иминов деген КРнын Өзбекстандагы элчиси болгону жатыптыр. Эгерде бул маалымат чын болсо, анда президенттин мындай чечимин кандай түшүнүүгө болот? Элчи деген мамлекетибиздин ошол өлкөдөгү жүзү. Кыргыздын менталитетинен, духунан, рухунан, маданиятынан, тилинен куржалак адам кантип башка өлкөдө кыргыз элинин өкүлү катары кызмат өтөй алат? Кимдер, кайсы күчтөр президенттин башын айландырышып, мындай чечимди кабыл алдырууга түртүп жатканы белгисиз. Бирок Фархат Иминовдун КРнын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалышы тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Бул жалпы кыргыз элинин бетине түкүргөндүк, шылдыңдагандык болуп эсептелет.

Булак: Саясат.kg