
Кыргыз жигити Даниэль: «Teslaга иштөө жеңил эмес, кыйынчылыкты тез чечүүнү билгендер үчүн »
05-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваДаниэль Чайлдрэсс аттуу мекендешибиз 23 жашында атактуу Илон Макстын Tesla өндүрүшүнө ишке кирген. Мындай жашта канчалаган мыкты адистер баш бага албаган канчалаган жаштардын кыялына айланган бул өндүрүшкө кирмек тургай Жогорку окуу жайды тындай албагандар көп. Бул жолу кыял менен тынымсыз аракет бириксе максатка айланып каалаган учурда көздөгөн максатты аткара алса боло турганын далилдеп кетти. Мекендешибиздин макаласы Лимон.кж сайтына орус тилинде жарыяланган, биз кыргыз тилдүү жаштарга дем берүү максатында кыргыз тилине которуп берүүнү туура көрдүк.
Данилдин эскерүүсүнө токтолсок бала кезинен эле унааларды чачканга кызыгып чоң атасынын жанында эски Volkswagen унаасын кошо оңдошуп, айрым учурда чон атасы таппаган бузук жерлерин ңдоп келген. 12 жашар тестиер баланын унааны ондойт десе эч ким ишенбесе керек. Анда ошол тестиер бала жигит болуп кантип атактуу Teslaга жумушка орношконун чогуу окуйлу.
Балалык кез
Өзүм тууралуу айта турган болсом балалыгымдын жакшы көз ирмемдери Бишкекте өттү. Алгачкы мектептин босогосун 61-мектепте аттап, аз эле окудум. Кийин апам АКШда магистратурасын окуп калып мен да кошо кетүүгө туура келген. Ал жакта 4-5 жылдай жашадык. Кайра мекенибизге кайтып келдик. Мени унаасынын тетиктерин кармоого уруксат берген чоң атам да музыка таануучу, апам да музыка жаатындагы адам болгонго мен музыкалык мектептерден билимимди уладым. Үч жыл Бишкекте жашадым. Кайра апамдын жумушуна байланыштуу Висконсин штатына көчүп келдик. Ушул жактан окуумду аяктап Жогорку окуу жайга тапшырдым. Бала кезимде үч тилде таза сүйлөчүмүн. Өзгөчө кыргыз тили мен үчун ыйык сезилчү. Музыкан болом деп кыялданганым менен турмуш шарт мени башка нукка бурду. Азыр балалыгымды эстегенде таятам менен унаасын оңдогон күндөрдү, апамдын мени таштабай ээрчитип алып окуусун улантып жүргөн кыйынчылык күндөрү эсиме түшөт.
Илон Макстын ким экенине 12 жашымда кызыгып баштагам
Өзүм музыкага байланып жашаганым менен таятама жардам берүү максатында унаасын көп оңдошчумун дедим го. Ошол кезде унаалардын куралышын, дизайнын кызыгуум менен издеп окуй баштадым. Бишкектеги досторум менен эски унааларды оңдоого көп аракет кылчубуз. Илон Макска кызыгуум артып, анын ушунчалык бийик адам катары кабылдап келдим.
Мен американын жараны эмес кыргызмын
Жашоо шартыбыздан улам мен АКШ менен Кыргызстандын ортосунда чайналып окудум. Бала кезимде эки өлкөдө жашоо оор экенин көп сездим. Америкадан кайтып келип мектепте окуп калганда мени классташтарымдын арасында башка планетадан келген адамдай кабылдап америкалык деп аташчу. Бул мага катуу тийчү, америкада жашасам эле кыргыз болбой каламбы деп ызаланчумун. Ошол себептен алар менен кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылчумун. Бул тууралуу кийин Аризона штатынын мамлекеттик университетинин студенти кезинде эссе жазгам. Ошол кезде кыйынчылык болгону менен менде көп мүмкүнчүлүктөр жаралыптыр. Америкада сапаттуу билим алып, жогорку айлыктуу жумушка таанышы жок иштей аласың. Ал эми Кыргызстанда мен үй-бүлөнүн баалуулугун өзүмө сиңирип алдым.
Teslaга кирүүгө окуу жайым шарт түзүп берди
Аризона штатынын мамлекеттик университетинин инжерения жана компьютердик илим мектебинде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, америкалыктардын өзү кире албаган окуу жайдан билим алдым. Унааны тетиктерин адаштырбай түзүп чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги математик болуш керек. Мен ушул багытты басып өттүм. Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Кээде артка кетип калам, бирок алдыга койгон максатымды таштап салган жокмун. Көптөгөн профессорлордон сабак алдым, уйкусуз түндөр өттү. Окуучу татаал болгону менен күчтүү компаниялар менен келишим түзө алган Аризона мамлекеттик университети 3-курсумда Arup аттуу британиялык архитектура компаниясына практикага жөнөттү. Ал жакта электричество менен иштеген бөлүмүндө болдум. Көп нерсени үйрөндүм. Окуу жайды аяктагандан Teslaга стажировкага барып калдым. Ал жерге деле барар менен жумушка кирип калган жокмун. Ал жер тажрыйбасы мол адистерди иргеп алат экен. Үч жолу баарлашууга кирип терс жооп алып, төртүнчүсүндө араң кабыл алындым. Ошентип 13 жылдан ашуун кыялданган компанияга кирип иштеп калдым. .
Компаниянын эрежелери менен баалуулуктары жогору турат
Бул компанияга иштөөнү каалагандар толтура суроого жооп берүүгө даяр болушу керек. Бир гана адистик менен эмес башка да суроолор берилип турат. Баардык суроого өзүн даяр кармашы шарт. Мындан сырткары ал жерге атактуулугуна же акчасына кызыгып изшөө эмес, кыялынды аткарып, кун сайын каалоо менен жумушка келгендер бааланат. Ооруп калсаң же башка көйгөй болсо аны чечүүгө көмөктөшөт. Дегеним өз жумушчуларын өтө баалап турушат. Teslaла дагы бир өзгөчөлүгү баары тез темпте жүрүп турат. Сага берилген тапшырманы тез кабыл алып, ар кандай кырдаалда тездик менен аткарышың шарт. Кээде мен жумасына 50 саат иштеп калам, баардык нерсе учурунда бүтүшү керек. Мен ал жакта роботтордун дизайны жана аларды программалоо жаатында эмгектенип келем. Жумуш эртең менен жетиде үйүнө каттам келгенде эле башталат. Айрым учурда 45 мунөт эле иштейбиз. Саат 12 туштөнүү болот. Айрым учурда кечки саат бешке чейин же андан да кеч калып иштейсиң. Ийгилик жаратсам деген жаш муунга айтарым өзүнүн нерворкун жакшыртып, ар кандай өсүүгө багыт берген клубтарга барсын. Интернет тармагынан кыялында керек боло турчу материалдар менен көп таанышып, кызыгуусун артырышы керек. Ар бир убакытты баалай билген адам сөзсүз ийгиликке жетет.
Булак: аргумент.кж