Кыргыз-түрк достугу ооруканасында биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат

13-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстандагы «кыргыз-түрк достугу» ооруканасында биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейзбук  баракчасына билдирди.

Ал Түркиядан Бишкекке 120 дарыгер келерин айтты. Мындай келишимге президент сүйлөшүүлөргө катышкандан кийин жетишилди.

Дарыгерлер оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бардык шарттар түзүлгөн «Семетей» мейманканасына жайгаштырылат.

«»Кыргыз-түрк достугу» ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар жасалат. Иш баштоо үчүн заманбап лабораториялар даярдалууда», — деп жазган Дайырбек Орунбеков.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда операция жасоо 7 миң доллардын тегерегинде болсо, Беларуста 65 миң доллар, Түркияда 25 миң доллар турат. Мындай операция августта Бишкекте биринчи жолу өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бөйрөк алмаштыруу операциялары Кыргызстанда он жылдан ашык убакыттан бери жасалып келет. Мындай операция биринчи жолу 2012-жылы Бишкекте Белоруссиядан келген хирургдардын катышуусунда жасалган.

Булак: Аргумент кж