Кыргыз-Тажик кагылышуусунан талкаланган мектептин курулуш иши башталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз- Тажик кагылышуусунун кесепетинен талкаланган Баткен районундагы мектептин курулуш иши башталды.Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, курула турган мектеп 225 орунду түзөт. Ал Баткен районунун Төрт-гүл аймагында жайгашкан.Мектеп үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер аянты ажыратылып берилген. Курулуштун тендердик баасы 83,2 млн сом.Эки кабаттуу мектепти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Аталган мектепке 24-апрелде капсула салынып, ага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИС уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылда чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп пайдаланууга берилген 1-окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган 3 корпусу да жабыркаган болчу.

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган облустагы 15 социалдык объекттин катарына кирди.

Булак:Аргумент кж

 

Аргумент.kg