Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 8-июлда, Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгондугу тууралуу маалыматты УКМКнын Чек ара кызматы тастыктады.

Кабарга караганда, атышуу саат 17:00гө чукул кыргыз-тажик тараптын аскерлеринин ортосунда болгон.

«Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Наумин ашуусунда ат менен күзөтүп жүрүп, Чашмагилдан ашуусуна жеткенде аларга тажик чек арачылары кол салган. Андан улам ок атышуу болгон», — деп жазылган маалыматта.

 

Кырдаалды териштирүү боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев жана күч түзүмдөрүнүн башчылары окуя болгон жерге чыгып кеткен.

 

Тажикстандын УКМКсынын маалыматына караганда, Согди облусунун Деваштич районунун Росровут аймагында болжол менен 14:55 чамасында кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аймагына мыйзамсыз кирген. Комитет аскерлер аттарды кыргыз тарапка айдап жиберүү аракетин кылган деп билдирди. Алардын маалыматына караганда, кыргызстандык эки аскер жарадар болгон.

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынан эки тараптын чек ара өкүлдөрү аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзөрүн кабарлады.

 

 

Аргумент.kg