Режиссер Элдияр Мадакимге таандык  «Сальвадор Дали» тасмасы «Москва премьерасы» фестивалында эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу режиссер өзү фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, тасмага “Балалыктын кайталангыс дүйнөсүн чагылдырганы үчүн” атайын сыйлык ыйгарылды. Киноклубдар федерациясынын калыстар тобу да режиссерго “Жөнөкөй чындыктарды эске салган эрдиги үчүн” деген диплом менен сыйлады.

Иш-чара Москвада 17-декабрдан 21-декабрга чейин болгон.