
Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар жолугушту
21-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйын 13-19-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.
«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөн. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Булак: Аргумент кж