
Кыргыз дизайнердин көйнөгүн “Дүйнө сулуусу” сынагында казак кызы кийип чыгат
04-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева“Дүйнө сулуусу” сынагына Казакстандан катышуучу Томирис Заирге кыргыз дизайнери Арзубек Аманов көйнөк тикти.
Аны Томирис Заир сынактын “улуттук кийимдер” бөлүгүндө кийип чыкмакчы.
Арзубек Аманов көйнөктү казак ханышасы Томиристин кийимдерине окшоштурага аракет кылганын белгилейт.
““Дүйнө сулуусу” — дизайнер үчүн өзүнүн таланттын көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мен баш кийимди өзгөчө кылып, Казакстандын символу болгон бүркүткө басым жасадым. Бир ай иштеп, мыкты образ жараттым”, — дейт дизайнер.
Булак: Аргумент кж