Кыраакы депутаттар Чолпон Султанбековага арты менен күлүп жатышат…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы болуп шайланган. Бирок милдетин илгиртпей алып кетүүгө шаасы жетпей, алапайын таппай атканын депутаттар айтышууда. Себеби, Чолпон Султанбекова ишкерликте жүрүп, акчанын күчү менен “Республика” жана “Кыргызстан” партияларынан депутат болгон. Ортодон “сокечилер” менен да мамиле кылганы, кийин Арзыбек Бурканов башкарган “Ишеним” партиясынан мандатка жетти. Он жылдай убакытта улам бир саясый күчтөргө кошулуп, мурдагы шефтерин унутуп, айтор, илгери топтоп алган акчаларынын күчү аркылуу саясатка сүңгүп келет. Бүгүнкү күндө бакыйган комитеттин төрайымы катары жүзүн, дараметин көрсөтө албай, эки бети кызара баштаганы талкууга алынууда. Кайдан иштей алмак эле? Юрист катары мамлекеттик кызматта эмгек өтөбөсө, даяр ашка отургандай эле жүрүш салса, аягы шылдыңга калбайбы? Ансыз да кыраакы депутаттар бири-бирин чукушуп, арты менен күлүп жатышыптыр…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg