Саясат

Кыпкызыл помидорлор. Түркмөнстандан Бишкекке 21 млн долларлык жүк жеткирилди

Кыргыз Республикасына Түркмөнстандан жүк жеткирилди. Бул тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө болгон, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Макулдашууга 27-июнда өткөн кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда кол коюлган. Анда 21 млн долларлык жашылча-жемиш, сантехникалар жана азык-түлүк жеткирүү тууралуу айтылат.

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына жеткирилген жүктү аэропорттон тосуп алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *