
КЫМЫЗДЫН ПАЙДАСЫ
22-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева«Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер» деген улуу бабалардан калган кеп бар. Бул сөздүн түпкүрүн чечмелей турган болсом, кымызды сиңирип ичкенге, кымызды кадырыңды билген адамга узат деген маанини туюнтат. Мен айымдарга айтаарым жогоруда айтылган бабалардын сөзүн эске алып, акчага кызыгып, кымыздын баркын түшүрбөгүлө. Андан көрө кымыз баалуулугун барктай билели.
Бээнин сүтү
Бул иммунитетти көтөрүүгө, жалпы эле тери оорусуна, кызыл жүгүрүккө, сөөк-муун оорусуна, ички органдарга, өт, боор, ичеги-ашказан, бөйрөк, жоон-ичегилерге суук өткөн жеңил оорусуна, уйку без, нерв ооруларына ичсе жагымдуу. Эң негизгиси бейтап бээнин сүтүн кайсы маалда, кантип ичүү керек экенин билип, анан ичүүсү зарыл. Жогорудагы аты аталган оорулардын алдын алып, саламаттуулугун сактап калыш үчүн ичсе болот. Эскерте кетсек, ашынган ооруга жардам бербейт.
Бээ сүтүн байкап ичиңиз
Мисалы: ички, тышкы жараларга (язвага), геморройго, киста, миомага, панкреатит, боор, цирроз, рак ооруларынын бардык түрүнө бээнин сүтүн ичүүгө болбойт. Себеби, ал жараны эзип, ылжыратат. Ошондой эле ичти бир канча күн алып, ооруну козгойт.
Таза дарылангысы келгендерге
Эртең менен ачкарын 30 граммдан ичип баштап, андан кийин ар бир саанда 30 граммдан көбөйтүү зарыл. Күнүнө 5 саан болсо, 150 грамм, ал эми 7 саан болсо, 210 грамм ичүү керектелет. Ууз сүт ичип жатканда кычкыл, майлуу тамактар жана кыямдын бардык түрлөрүнөн баш тартып, мүнөздүү тузу кем тамактарды ичүү керек.
Саамал сыры
Кыргыздарда «кымыз менен эт жакпаган адам өлөт» деген кеп бар. Эгерде ичээр сууң түгөнө элек болсо, кымыз жакпаса өлөсүң дегендик. Мунун дагы бир дарылык касиети, 30 грамм бээ сүтүнө нак 30 грамм кымыз кошуп ичип, 5-7 күн жогорулатып ичип, кайра артка тартсаң, өзгөчө ашказан ички жараларга, боордун циррозуна, кант диабети менен жабыркагандардын дартын жеңилдетет. Сүткө караганда саамалдын айтылган ооруларга дабасы жогору турат. Саамал ичип дарылануучуларга жана бээнин сүтүн сатуучулардын эсине сала кетсек, колдо байланып, кургак чөп жеген бээнин сүтү дарылык касиетке ээ эмес. Узак убакыт кыштоодо байланган желенин сүтү жагымсыз. Өрөөндүү же жайлоодогу миң түркүн чөптүн гүлүн искеп жеген бээнин ууз сүтү жана саамал айыкпаган дартты сакайтууга көмөк берет.
Эскертүү: Кээ бир адамдар бээнин сүтүн саамал деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Саамал сүт менен нак кымыздын кошмосун саамал дейт. Ал эми бээнин сүтүн сүт эле дейт.
Булак: Аргумент кж