Кыйкырык-өкүрүк. Ысык-Көлдө милиция ОПГ мүчөлөрүн аесуз кармашты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ысык-Көлдө денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Буга чейин Балыкчы ШИИБге шаардык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда 31-жаштагы жергиликтүү тургун жана 32-жаштагы Тоң районунун тургуну денелеринен учтуу нерсе менен оор залака алышып түшкөнү маалымдалган.

16-январь күнү Балыкчы шаарына кире беришинде, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, кылмышка шектелгендер колго түшүрүлгөн.

Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

Аргумент.kg