Куттумидин Базаркулов: Назгүлдүн уул-кызы топурак салганга келген жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин журалист Куттумидин Базаркулов Фейсбуктагы баркчасы аркылуу билдирди.

«Өлүм улук. Ушундай улук нерсеге бүгүн кылчайып кайрылганга туура келди. Кейиштүү, бул дүйнөдөн адам өттү. Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова көз жумуп, сөөгү Белоруссиядан-Бишкекке, Бишкектен-Казарманга кетти. Ошол жерден жерге берилип ата-энесинин жанына коюлат.

Мындан жети ай мурун атасы Муратбек каза болгон. Апасы Бурулуш 42 жашында бир нече жыл мурун каза болду эле. 46 жашында өзү каза болуп отурат.

Жакын тургандарынын айтуусунда бир жума мурун туугандарын Белоруссияга чакыртып сүйлөшкөн экен. Жанында дайыма Рыскүл сиңдиси болгон. Ал сиңдиси сөөк менен кошо келди, бирок уул-кызы топурак салганга келген жок. Бакиев тараптан чочулоо болгондой.

Биз Назгүл менен кошуна болуп, Карл Маркс көчөсүндө чоңойгондуктан кичинекей кезин, ата-энесин, чоң ата-чоң энесин, туугандарын жакшы билебиз. Назгүл жаркылдаган жарык маанай, ачык мүнөз, сыртынан ички дүйнөсү көрүнгөн, ичинде кири жок, мектепте жакшы окуган кыз эле.

Назгүл Бакиевдин фамилиясын алган жок. Кандай болгон күндө да, ал Бакиевге өмүрүн арнап, өмүрлүк жолдош боло алды. Кыйынчылыгына чыдап, чыйрактыгын көрсөттү. Тоонун кызы тоодой көтөрүмдүү болду. Андан балалуу болду. Балдары өмүрлүү болсун. Кыргыз кыздарын сыйлап келген. Назгүлдүн жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун», — деп жазды Базаркулов.

Аргумент.kg