Эки жыл мурун турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп акыры бир үйдөн түтүн булатып өзүмдү ааламдагы бактылуу адамдай сезгем. Көрсө бактылуу мүнөттөрдүн артында мени кайгынын капкара булут курчап келе жаткан экен. Кош бойлуу болгондон тартып үч айга чейин дагыреге барбай бактылуу жүрдүм. Баламды көтөрүп жүргөнүмдү кыялдандым. Бирок ал кыялдарым тез эле сууп калды. Беш ай болгондо менин боорум ооруй турганы аныкталып мага төрөөгө болбой турганын айтышты. Төрөй турган болсом бала да мен да каза болуп каларымды жашырышкан жок. Акыры алдырууга туура келди. Балам да бир нерсени сезгендей ал күну кайра-кайра тепкилеп, мага таарынып жаткансыды. Төрөт үйүнө барганча мен да балам да кыйналды. Ал жактан мага дары бергенден жарым саат өтпөй ушунчалык чабалактап барып тынчып калды. Толгоонун дарысы менен төрөдүм. Кылмылы жок өлүп калган баланы төрөдүм. андане кийин бир топто эсиме келдим. андан бери бир жыл өттү. Мага болгон жолдошумдун сезими өчкөн жок, бирок менин курсагымдагы чүрпөм менен акыркы жолу коштошкон, анын өмүр үчун чабалактаганы эсимдеп кетпей койду. Жашоом супсак болуп калды. Мен да ошол наристени кучагыма кысып жыттагым келген… Аттиң…..