Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларусиядан чыгып кетти

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларусиядан чыгып кетти

18-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

 

Беларусиядагы саясий кырдаалдан улам  баш паанек алган экс-президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар  жатат. Имиш маалыматтарга караганда, алар Максим Бакиев отурукташкан Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында экендиги айтылууда. Бул тууралуу VB.kg сайты жеке булактарына таянып  жазып чыкты.
Эгерде  чын эле Курманбек Бакиевдин Беларус өлкөсүнөн качып кеткен болсо, анын Кыргызстандан чыгарып кеткен активдери жана анын бардык бизнеси Кыргызстандын пайдасына өтүшү керек. Мисалы, миллиард көлөмдөгү инвестиция менен агро өнөр жай комплексинин курулушун жүргүзүп жаткан “Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын” өткөрүү боюнча маселе көтөрүү керек.
Корпорациянын акционерлеринин баш сабында Курманбек Бакиев жана уулдары Марат менен Максим турат. Ал эми корпорациянын башкы директору Даниил Урицкий. Тактап айтканда жети жыл мурун өзүн өлдү деп жалганга чыгарган экс премьер-министр Данияр Үсөнов. Беларуста болгон президенттик шайлоо күнү президент Лукашенко аталган корпорациянын иши менен таанышкан болчу.
Эскерте кетсек, Данияр Үсөнов дагы Лондондо качты деген кабар тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.
ARGUMENT.KG