Коом

Курбусу жарыбаган акчага секс кулчулукка сатып ийген

“Мени топтошкон эркектер зордуктап кыйноого алышты, көрсө сыртымдан курбум жарыбаган акчага сатып ийиптир”-дейт жабырлануучу. Бул тууралуу Тенгри ньюс басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, Оля аттуу жабырлануучу курбусунун сыртынан тон бычып топтошкон эркектердин зордуктоосуна кабылып, учурда психологдордун көзөмөлүндө өзүнө келе албай жатканы айтылат. Анын айтымында, ал түнку кафелердин биринде бармен болуп иштеп келген, ал эми курбусу болсо дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеген. Аны менен үч жылдан бери жакын сырдаш болуп бирге сейилдеп келишкен. Курбусу болсо Олянын сыртынан тон бычып 5000 тенгеге эки эркек кишиге сатып ийген. алар Оляны жумуштан чыкканда белгисиз жактарга алып кетип, күч колдонуп ур тепкиге алышып зордуктап кетишкен. Ал эркектердин биринин катуу соккусунан Олянын бир кулагы укпай калган.

“Мен ошол тунку окуяда аларга колумдан келишинде каршылык көргөздүм, бирок алар мени аесуз ур токмокко алышып, бешинчи кабаттын березесинен секирмекчи болгонумда чачтан алып сүйрөп  түшүп, кулак түпкө катуу урушту. Башым жарылып кеткендей эле болду. Ошол эле учурда көзүм караңгылап калганын билбейм. Эсиме келсем эки эркек алмсак салмак мени зордуктап жатыптыр. Денем жанчылып калыптыр. Бул кордуктан мен өзүмдү көпкө жоготтум. Эки айга чейин психологдордун көзөмөлүндө болдум. Жакындарымдын сен бизге керексиң деген сөздөру мени жинди болуп кетүүдөн сактады. Кийин мен ал эркектердин үстүнөн арыз жазып, тез эле кармалышты. Алар мени уурдап барып зордуктабаганын айтышып, болгону 5000 тенгеге сатып алышканын билдирүү менен сатуучу менин курбум экенин ачыкташты. Ал эми курбум болсо бул ишке тиешем жок деп танып чыкты. Бирок акырынды 5000 тенге карыз болуп калып мени салып бергенин мйонуна алышты. ал эми эркектердин бири болсо менин айыман аялы кетип жаш баласы атасыз калганын социалдык тармактарга жазып чыкты. Экинчиси болсо мени зордуктаганы үчүн 300 000 тенге берип тосмо арыз жазуумду айтышты. Мен ушунча кордолуп туруп акчага алданмак белем. Азыр экөө тең сегиз жылга соттолду. Алар өз күнөөсун тарты бирок алардын мага кылганы менин көкүрөгүмдө айыккыс жара болуп калды”-дейт жабырлануучу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *