Күмөндөр Абыловдон кыргыз элине Кайрылуу: «Кыргызстаныбыздын» эртеңки келечегинин силерге кереги жокпу?…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кыргызстаныбыздын» эртеңки келечегинин силерге кереги жокпу? Мындай пикирин белгилүү куудул, Күмөндөр Абылов жазып чыкты.

«Ага кошумча, колун жакасына кармап, «Кудайга тобо!… Бизге эки жактан бирөөлөр келип, кыргын сала электе эле, өзүбүздөн өзүбүз өлө элек жатып көрүбүздү казып өлүмгө даярданып, бешиктен бели чыга элек кыздарыбыздан өйдө күйөөгө тийе элек жатып кара кийинип, жесирликке көнүгүп, жакыны өлсө да, ыйлабаганга, ыйламак түгүл, тизеден кылып казылган даяр көргө эти муздай электе мал союп кара ашын бербестен, ит көмгөндөй көмө салып, өзүбүзгө өлүм сурап, эртерээк өлүшкө, өлүмдүн кезегин күтүп жашап жатканыбыз кайсы Кудайга жагып жатат?… Бул жорук-жосундарды кимдер баштап, бизди кимдер, эмнеге, эмне үчүн мажбурлап, үндөп жатышат?… Же бизди, жакында бирөөлөр тукум-курут кылганы жатышабы? Ага чейин биз эртерээк өлүмгө даяр болуп, алар бизди кыра баштаганда, кыйкырбай-өкүрбөй, ыйлабай-сыктабай, алардын нервин бузбай тынч өлүшүбүз керекпи? Эмнеге эле, башка ишибиздин баары бүтүп калгансып, өлүмдөн башканы кеп кылбайбыз? Кимдир бирөөлөр, биздин жашаган жерибизге көз артышып, ушундай жол менен өзүбүздү жоготуп, жерибизге келип, ээ болуп жашагылары келип, жалаң өзүбүздөн чыккандарды өзүбүзгө жалдап жатышканы бештен белгилүү болуп жатпайбы?… Күнүгө өлүмдөн коркуп, жакының өлсө ыйлабай мерес болуп, өзүңө өзүң өлүм тилеп жашаган жашоо да жашообу? Эртеңкини, балдардын келечегин, улуттун келечегин, мамлекеттин бүтүндүгүн ким ойлойт? Жок дегенде балдарды жөн койсок болойбу! Керек болсо, оорусу күчөп өлө турган кишини да жооткотуп, айыгып кетээрин айтып, айыктырууга аракет кылыш керек да?… Жаштайынан балдардын жүрөгүнүн сары суусун алып, оозунан өлүмдү түшүртпөй тарбиялоо — душмандын да кылаар иши эмес го дейм! Кандай дейсиңер?

Эми ушул айткандарым, көп кишинин акылы жетпечү нерсе деле эмес! Душмандарды ит менен издеп да кереги жок. Алар ачыктан-ачык эле конституциябыздан баштап: «Манасыбызды» баш кылып, тилибизди салтыбызды, музыка, маданият, адабиятыбызды тебелеп жатышпайбы?

Айтайын дегеним:

Урматтуу Эл-Журт! Өзгөчө «Кыргыз Элинин Каймактары» аталган илимдүү-билимдүү аксакалдар! Интеллигенция!

Жаныңардын тынчына карабай, оюңарды бөлүшүп, үн кошпойсуңарбы? Сүйлөшө келген жерде, менден ашып түшүп, мен айтпаганды айтып, кыйынсыңар го?… «Кыргызстаныбыздын» эртеңки келечегинин силерге кереги жокпу?… — деп зар какшаган Абылов.

Аргумент.kg