Күмөндөр Абылов: Азыркы молдолор элди араб кыла албай убара болуп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин Күмөндөр Абылов билдирди.

«Кыргыздар, аш-тойго курсагы ачканынан тоюнуп алуу үчүн барбасы баарыбызга белгилүү. Балким, жети атасын билбей, өз улутунун баалуулуктарын чанып, башка элди пир тутуп, азан чакырылып коюлган өз аттарын, ошол элдин аттарына которуп алгандар, өлүк чыккан жерге тамак үчүн барышаар?… «Өлөңдүү жерде мал семиз, өлүмдүү жерде молдо семиз» — деген сөз бар! Албетте, тилекке каршы тамак үчүн баргандар да жок эмес.

Мен бала кезде, ооруп жаткан адамга молдо дем салып, дуба кылып, күнүгө келип-кетип турчу эле. Ал турмак, ошол кишинин көзү өтөөрдө да ошол молдо маркумдун жанында болуп, келмесин айтып  дем салып, көзүн жумдуруп, ээгин таңып, боз үйдөгү ордуна өзү баш-көз болуп сууга алып жактырып, түбөлүк жайына койгуча эки-үч күн ошол үйдөн кетпей, өзү майрам сууга алдырып, жаназасын окуп, өзү баш-көз болуп көрүстөнгө койдуруп келген соң, келген-кеткен элдин аягы суюлганча эртеден кечке куран окуп, үчүлүгү, жетилиги болуп бүткөнчө «Куран түшүрүү» деген расмисин кылып куран түшүрүп, анан сөөк ээсинин ыраазылыгы менен берген тыйынын алып, өзү да ыраазы болуп кетишчү эле.

Ал эми азырчы?… Азыр молдолор өлүк чыккан жерге сөөк коюлаарда гана, генералдардай болуп атайын жиберилген жеңил машина менен келет. Келип эле, өздөрү жаттап алган акылдарын айтып, элди өлүм менен коркутуп, жаназаны да жакшыраак окубай, көрүстөнгө барганда алдына калыңдап салдырып алган жер төшөккө жылуу-жумшак олтуруп алып, өзгөчө кышында элдин баарынын бутун оорутуп, үшүтүп, болгон билгенин бүт окуп, көрүстөнгө баргандарды каарып: «Өлбөчүдөй болосуңар!» — деп тилдеп, өзүн бир, өкүмдардай сезип, кадимкидей күнү тууп, иши жүрүшүп, кабагы ачылып турганы байкалат. Көрүстөндөн келген соң бир-эки жолу куран окуп, тез эле кетип калышат. Элдин өткөн-кеткенди кеп кылып, маркумду эскерип, даңазалап, тамак ичип отурганын сүйбөйт.

Келген элдер, көзү өткөн адамдын жакындарына көңүл айтып, маркумду акыркы сапарына узатып коштошуу үчүн келишкени белгилүү да!… Эмне себептен мал союлбашы керек? Ал адам көзү барда ошол баргандар менен далай жолу насиптеш, ырыскылаш болгон да?… Ошону үчүн маркумдун балдары: «Атабыздын колунан акыркы жолу даам сызып, ыраазычылыгыңарды берип, куран окуп кеткиле! Атабыз өлсө, биз барбыз! Мындан кийин бизге келип тургула! Атабыздын жолун биз улайбыз!» — деген ата-бабадан калган, салттуу, жакшы жөрөлгөнү кылып жатышпайбы? Кайгырасың албетте! Бирок, өлгөндүн артынан жашоо уланышы керек да!… Өлүк болгон жерде эч кимди ыйлатпай, мал сойдуртпай, маркумдун көзү өткөнүн элдин көбү уга электе, алыс-жакыны катыштары, куда-сөөгү келе электе, ал байкуш Кудайдын тузун уурдагансып, шашып-бушуп жерге көмө калган жорук кыргыздын салтыбы? Эмне үчүн азыркы молдолор элди араб кыла албай убара болуп жатасыңар? Ким мусулман болуудан баш тартып жатат? Ислам дини жеке эле арабдыкы эмес да!… Өзүңөр да ушул сөздү көп айтасыңар. Анда эмнеге ошол ысык жактын кийимин, сөздөрүн, ырым, жырымдарын, жада калса бир туугандардын абийирин кетирген салттарын таңуулап жатасыңар? Кудай бизди кыргыз кылып жаратып алып, анан кайра, тилибизге түшүнбөй калабы? Ошондо силер эмне, Кудайдын катасын оңдоп жатасыңарбы?

Өз улутун чанып, жети атасы тургай, өз бир тууганын тааныгысы келбей, бир тууган бир туугандын жашы жете элек кызын аялдыкка алган элдин бузукулугун туу тутуп, өз элиңерге кастык кылып, башыбызды айлантпагыла!», — деди Абылов.

 

Аргумент.kg