Кумар оюндары уюштурулган 45тен ашык жай жабылып, кылмыш иши козголду

Кумар оюндары уюштурулган 45тен ашык жай жабылып, кылмыш иши козголду

14-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген жайлар аныкталды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган.

Бул факты боюнча 222-берененин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана оюнга катышкандар суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылды. Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилесек, 10-июлда Аваз Номанов атту интернет колдонуучу Ош шаарында «RingoTrade» аталыштагы кумар ойноочу жай иштеп жаткандыгын, анда акчаларын уттургандар бар экенин видеого тарткан. Бул боюнча Ош ШИИБи тарабынан текшерүү башталганы маалым болгон.

Булак: Аргумент кж