
Кулубаев Душанбеде Борбор Азиянын ТИМ башчылары менен жолугат
13-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 13-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбеде өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлер 14-сентябрда Душанбеде өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V Консультативдик жолугушуусуна карата даярдыктарды талкуулайт.
Эскерте кетсек, Душанбеде өтө турган президенттердин жолугушуусуна Садыр Жапаров да катышат.
Булак: Аргумент кж