
Кулпунайдын пайдасы
22-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖай — организмибизге эң зарыл болгон витаминдердин запасын топтоп алууга эң ылайыктуу мезгил. Пайдалуу витаминдердин бир булагы болуп кулпунай эсептелинет. Бүгүн биз дал ушул кулпунай тууралуу сөз кылабыз.
Кулпунай — биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелинет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар.
Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө да дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми курамындагы фолиевой кислотасы боюнча жүзүм менен малинанын алдында. Андыктан, күнүнө бир нече даанадан кулпунай жеп, иммундук системаңызды, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.
Кулпунай кайсы ооруга даба? Кулпунайдын пайдалуу касиети катары анын тамак сиңирүүгөжакшы таасир этип, табитти жакшырткандыгын, заара кубалоочукасиетке ээ экендигин айтууга болот. Ал организмди тазалайт, курамындагы антиоксиданттын эсебиненкартаюу процессин жайлатат . Элдик медицинада бул жемишти аз кандуулукта, гипертонияда, атеросклероздо кулпунайдын маңызы дары катары колдонулат. Аны даярдоо татаал эмес: 50 грамм кулпунайдын үстүнө 200 мл кайнак суу куюп, демдеп коюу керек. 2 сааттан соң суюктукту бөлүп алып, күнүнө 3-4 жолу 50 граммдан ичүү сунуш кылынат. Авитаминоздо да кулпунай алмашкыс дары.
Булак : Аргумент кж