Куйругунда калбыры бар Сариевдин эңсеген кызматы…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Кооз сүйлөп көнүп калган Сариев саясатта кайрадан пайда боло баштады. Бир кезде убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган кезде ячейкалардагы акчаларды Бекназаров экөө өзүм билемдик менен миллиондорду бөлүштүрүп жаткан телефон сүйлөшүүлөрү тараган. Кийин ал ар нерсени айтып актанганы менен факты болуп калды. Сариев “Ак шумкар” деген партияны жетектеп шайлоого катышып, бирок жетиштүү деле добуш алалган эмес. Садыр Жапаров бийликке келгенде Кумтор иши боюнча туура эмес кол койгон деген күнөө менен камалып чыкканы да баарыбызга маалым. Ушундай эски жүздөр кайра-кайра саясаттан айланып кеткиси келбегендерден эл деле тажап бүттү. Мына ушул Темир Сариев кечээ жакында соода өнөр жай палатасынын төрагалыгына ат салышкандыгы тууралуу маалымат тарады. Премьер-министрлик кызматты аркалаган, эми президент болом деген дымагы күчтүү саясатчыга бул орун туура келбей турган өңдүү. Же темир мырза өзүнүн чынгы деңгээлин эми сездиби? Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg