Күйөөсүн тирүүлөй көөмп салган
23-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваМаалыматта, окуя Индиянын Тамил Наду штатындагы Ченнай шаарында болгон. Маркум 59 жаштагы Нагарадж штаттын бир нече храмдарын кыдырып, ал дин кызматчы экенин жана Кудай менен түз байланышта экенин жарыялалап келген. Кийин үйүнүн короосуна өз алдынча чакан ибадаткана куруп, жыйналышка келгендерге пайгамбарлыктарды айта баштаган.
Ошондой күндөрдүн биринде Нагараж көкүрөгү ооруп жатканын, өлөөрүн аялына өлөөрүн айткан. Ошондой эле тирүүлөйм көмө калса ал түбөлүк тирүүлүккө ээ болоорун ишендирген. Күйөөсү эси ооп кеткенде Лакшми эки жумушчуну чакырып, чоң чуңкур казууну суранган. Аларга казылып жаткан чуңкурду суу резервуар жасай турганын айткан. Тешик даяр болгондон кийин эсин жоготкон күйөөсүн ага көмүп салган. IT тармагында иштеген Нагаражанын кызы үйүнө келип, атасы үйдө жок экенин байкап апасынан атасы кайда кеткенин билүүгө аракет кылат. Бирок апасы эч нерсе айтпай койгон. Эки кун катары менен дайынсыз болгон атасына кабатыр болгон кызы апасын тынымсыз суракка алганда гана ал атасын көөмп салып тирилип келишин күтүп жатканын айткан. Кыз полицияга билдирип, алар маркумдун сөөгүн аңдан казып чыгышкан.