Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Тойго барганда чогуу отурбайт, «семизсиң» деп менден уялат» Күйөөм боюмда бар экенин билсе эле алдыртат. Ошон үчүн кичүү кызымды дагы айтпай жүрүп төрөп алдым. «Семирип кеттиң, фитнеске жазыл»,-деп, сегиз айга чейин байкаган эмес. Деги эле балалуу болгусу келбейт. А мен беш баланын энеси болууну кыялданам. Өзүм эки бир тууганмын. Бирок, байкемдин мени менен иши жок. Акча керек болгондо гана эстейт. Жалгыздыктан тажадым. Балким, ошон үчүн көп балалуу болгум келет. 66Улуу балам онунчу, экинчиси сегизинчи класс, кызым жетиге чыкты. Мен азыр 42демин. Дагы боюмда бар. Эч кимге айта элекмин. Мындан бир жыл мурун кош бойлуу болчум. Күйөөм ичимдеги балдардын эгиз экенине карабай, жетелеп барып алдыртып салды. Ыйлаган бойдон калдым. Ошон үчүн муну жашырып жүрөм. Жакында жети жаштагы кызыма айттым. Аябай сүйүнүп, ичимди өпкүлөдү. Байкушум, сүйүнүчү койнуна батпай атасына айтып коюптур. Күйөөм, «чочкодой болуп төрөй бересиңби?!»,- деп жаман сөздөр менен урушту. Алдырбасам ажырашарын айтып кетип калды. Кудайга шүгүр, турмуш-шартыбыз жакшы. Мен өзүм дагы иштейм. Анан эмнеге мындай кылат? Уулумду төрөгөндө суукка карабай больницадан үйгө чейин жөө алып барган. Элестеткиле, төртүнчү төрөт үйүнөн 10-микрорайонго чейин жаңы төрөлгөн баламды көтөрүп, халатчан барганмын. Кызымды төрөгөндө да келбей койгон. Айла жок байкеме чалып, алып кет дегем. Балдарым жетим калбасын деп эле жашап жүрөм. Сөгөт, басынтат, тойго барганда чогуу отурбайт, «семизсиң» деп менден уялат. Өзүм комузда ойнойм, ырдайм. Анан тойдон өнөрүмдү көрсөтсөм, үйгө келип алып, «эмнеге бузулган катындай болуп ырдайсың, бийлейсиң» деп ызы-чуу чыгарат. Ажырашканга макул болоюнбу? Айткылачы, суранам! Ажыраша турган болсом, үйдөн чыгып, балдарды алып кете беришимди айтты. Балдары менен иши жок, жадакалса туулган күндөрү менен куттуктабайт. Кызым «мындай атанын кереги жок» деп ыйлайт. Уулдары дагы атасынын кандай адам экенин билип калды. Айлыгын бербейт. Үйгө продукту алып келбейт. Эртең менен кетип, түн ортолоп келет. Кайда жүргөнүн сурасам, «отчет алба» деп бакырат. Ушунча жыл ушул адам менен жашаганыма өкүнөм. Аял катары жакшы сөз угуп, бактылуу болуп жашагым келет. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg