Күйөөмө уул төрөп бере албай, үй-бүлөмдөн айрылганы турам…

Күйөөмө уул төрөп бере албай, үй-бүлөмдөн айрылганы турам…

11-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Администратор
Мен 35 жаштамын. Жолдошум экөөбүздүн түтүн булатып чогуу жашап келе жатканыбызга 15 жыл болду. Жолдошум үч эже-сиңдисинен кийин  ата-энесин куттуруп келген жалгыз эркек. Ошондон уламбы, бул үй-бүлөдө эркек баланын орду чоң. Мен кош бойлуу болгон сайын эркек бала болушун баары каалап күтүшөт. Ансайын мен кыз төрөйм. Үч кызымды төрөп, дагы төрөсөм кыз болуп калышынан коркуп жатам азыр . Кудайдан тилеп жатам бала болушуна. Жакында узиге барам, аябай коркуп жатам …Эми ушул жолдошума бала тороп берсем аябай бактылуу болом.