Коом

Күйөөмө токол издейм, өзүнчө үйгө турушат

Мен күйөөмө токол алып берет элем. Кээ бир аялдар мени туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Күйөөм экөөбүз жыйырма жыл чогуу жашадык. Барды жокту чогуу тартып келдик. Ортобузда эки кыз бар. Улуу кызым турмушка чыгып Каирде жашашат. Кичүү кызым мени менен турат. Мындан беш жыл мурун жаман оорудан улам жатынымды алдыртууга туура келген. Мен балалуу болуу бактысынан ажырагам. Кудай ушул эки кыздын багын айтып ушулардын кубанычын кошо бөлушуп турайын. Жолдошум эртели кечпи башкага үйлөнушу керек. Мен күйөөмдүн менден жүзүн буруп кетишин каалабайм. өзүм ага колукту таап берип, аны менен бир туугандай мамиледе катышкым келет. Күйөөм үй-жайды бүт мага таштады да өзу жакында алган батирге чыга турган болду. Биз баарын жай отуруп чечиштик. Бир же эки баласы болсо деле макулбуз.  Менден кызганбай, биз менен бирге бүлө боло турчу адам керек. Күйөөм экөөбүз эки башка төшөктө жатып калганыбызга жети жылдын жүзу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *