Күйөөмдүн жанында өзүмдү түрү суук элестете берем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баш кошконубузга эки жарым жыл болду. Жолдошум бойлуу, сулуу жигит. Бир балалуу болгондон кийин 12 килограммга толуп кеттим. Азыр жолдошум менен бир жакка барсак, кыздар жолдошумду карай беришет. Анын жанында өзүмдү ушундай түрү суук элестете берем. Акыркы эки айдан бери жолдошумду ушунчалык кызганып жатам. Ал жумушка кеткенден тартып келгенге чейин аны башка кыз жандап жүргөндөй сезиле берет. Акыркы күндөрү жолдошумду кызгана берип, акылдан аза баштадым. Кээ күндөрү аны ойлоп берип, уйкум да каччу болду. Ал уктап жатса да “анын түшүндө кимдер жүрөт?” деген жинди ойлор да башыма келбей койбойт. Кызганыч бул оорубу же мен акылдан азып баратамбы?

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg