Күйөөмдүн ойношу бар экенине карабай катуу сүйөм

Күйөөмдүн ойношу бар экенине карабай катуу сүйөм

12-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы эжелер мен бир көйгөй менен жазып атам бирок атым аноним болсун. Менин 4 балам бар, күйөөм менен жашаганыма 11 жыл болду. Ушул 11 жылдын ичинде эмне гана болду ошонун баарына чыдап келдим. Бирок, күйөөмдүн ойношу менен жашап атканын 1 жыл бою чыдап күтүп жүрдүм, эми ойношу мага чалды күйөөмдүн номери менен мен сыр билгизбей жылмайып сүйлөшүп аттым. Бирок жүрөгүм сыздап ыйлап атты . Күйөөм менен сүйлөштүк башында экөөң менен тең жашайм деп айтты. Мен өзүмдү ушунча жаман сездим, күйөөм айтат эгер чыдасаң жок жашаймын унуталы эскертип эсине салбаймын десең анда мага бир аз убакыт бер мен аны жакшынакай кылып узатып жиберейин деп айтты. Жоок жашай албаймын десең анда балдарга келип кетип жүрө берем өзүң чеч дейт. Бирок мен аябай сүйөм күйөөмдү ал жок билбейм башым ооруйт нерф болуп калам, күйөөм жанымда болсо жакшымын аябай каттуу сүйөм . Менин жашоом кыл үстүндө, силерден суранам жакшы советинерди айтып койгулачы кандай кылсам? ажырашсамбы же кечирсемби? Ажырашсам балдарым эмне болот кандай кылсам  кенеш сураймын?