Жашоонун өзү бул китеп, кээ бир кино тасмалар да жашоонун бир бөлүгүнөн алынат эмеспи. Биздин “Аргумент.кж” сайтына келип түшкөн каттардын саны арбып, аттарын жашырып коюуну суранган кыз-келиндер көп. Буга чейин мындай каттарды жөн гана жарыялап келгенбиз, мындан ары да жарыялай бермекчибиз.

“Күйөөм менен эки жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошконуз. Беш жыл уруш-талашы жок жакшы жашадык. Үч балалуу болгондон кийин кайним үйлөнмөкчу болуп калды. Биз бөлүнүп чыгышыбыз керек эле. Ошентип үч баланы кайненеге таштап алыскы Орусияга жол тарттык.  Ал жакта жумуш оңой менен табылбай экөөбүз шаардын эки башка тарабына батирге чыктык. Ошентип бөлөк шаарда эки башка жашоого да көндүк. Жарым жылдан кийин күйөөм башка бирөөну таап алды. Көрсөм да көрмөксөн болуп калдым. Анткени ортодо балдарыбыз бар эле. Көп өтпөй мен да башка менен мамиле куруп алдым. Көңүл ачуу да болду, иштедик. Ошентип улуу балам ооруп калып кайтып келдик. Тапканыбызга эки бөлмөлүү веряменка алдык. Балдар үчун экөөбүз бир үйдө окат кылганыбыз менен эки башка жашоодо жашайбыз. Эптеп күнүмдүк көр оокат өтсө болду. Бакыт издеп барган жайыбыздан бактысыз кайтып келдик”-деп жазат. Ошондой эле мындан аркы жашого кандай кадам таштап, кантип үй-бүлөсүн мурунку калыбына келтире турганына кеңеш сураган.