Коом

“Күйөөмдүн катуу үнүн укканда титиреп, эсими жоготчу болдум…”

Мен 17 жашымда 19 жаштагы балага турмушка чыктым. Биздин үйлөнгөнүбүзгө 10 күн болбой жатып эле күйөөм мага кол көтөрдү. Оозуман эне сүтүм кете элек жаным, аябай коркок болуп калдым. Күндөр өтө берди, кайын журтум жакшы адамдар, негизи кайненем мага кызындай мамиле кылчу. Күйөөм кол көтөрүп урганды адат кылып алды. Үч балалуу болдук, “эр деген ушул экен” деп чыдап жашадым.

Акыркы күндөрү талма сыяктуу болуп, күйөөмдүн катуу үнүн укканда титиреп, эсими жоготчу болдум. Мурдум сынды, акыры неврологияга жатып калдым. Күйөөм “өмүр бою касал катын менен жашаймбы?” дей баштады.

Мына ушул маалда байкуш баягы эле ата-энең түтөт экен. Мени алып кетишти. Окууга тапшырдым, ишке да кирдим. Иштеп жүрүп “балдарыма үй салып алсам” деп Кудайдан катуу тилечүмүн. Эгер чын дилиңден тилесең, берет экен.  Азыр эки үй алдым, Кудайга миң мертебе шүгүр. Турмушка чыгып, бир уулдуу болдук. Күйөөм кудай момун. Кудайыма шүгүр, бактылуумун. “Ар бир адам бактылуу болушу керек” деген ой дайыма жадымда эле. Күйөөмдүн жакшы адам экенин сөз менен жеткире албайм. Эң башкысы, Кудайыма шүгүр келтирем ушул адамга жолуктурганына.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *