Күйөөмдүн бул жоругу үчүн барына ушак болдук

Жолдошум экөөбүз башкалардын айтымында карыганда баш кошконбуз. Ал 28 мен 26 жашымда. Бизде ушундай стреотип бар эмеспи 22 жаштан өткөндөн кийин эле каарып калат. Ага чейин күйөөгө тийип, балалуу болуп калышың керек. Эмнеге биз бул стреотиптен чыга албайбыз? Мен дагы деле жообун билбейм. Эки жылдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анан ата-эне, жакын туугандардын батасын алып баш коштук. 66 Тоюбузга көп адам чакырып, колубузда бар туруп заңгыратып той бербегенибиз үчүн дагы сөзгө калдык. Анысы го мейли. Бир айча айылда жүрүп жумушубузду улантууга шаарга кетип калганда артыбыздан ушак айтылды. «Өзү жалгыз уул болсо, шаардан таап келген аялын ээрчип кеткени эмнеси?», «Ата-энесин жалгыз таштабай ушул жакта эле оокатын кылбайт беле?». Айта берсем толтура. Биздин жеке жашообуз менен элдин эмне иши бар дейм де. Жумушубузду таштап, айылда түтүн булатып калсак дагы айтышмак. Жакшы жумушун таштап, айылга келип алышыптыр, андай жумушка жетпей жүргөндөр канча деп. Мейличи, өз арабабызды тартып жүрө береличи.  Барынан кызыгы, мен күйөөмдү «подкаблучник» кылып дубалатып алыптырмын. Укканда күлдүк. Мындай сөздөрдү кайдан таап чыгышат билбейм. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деп айтышышар мүмкүн. Андай болсо бул сөздүн чыгышына жолдошумдун менин бутумду ушалап берген видеосу себеп болгон окшойт. Күйөөм дайыма бутумду жууп, массаж жасап берет. Аны сүрөткө тартып сторискоем. Жаман ниетим жок, рахмат айтып койгом. Анан ушундай ушак чыкты. Эмнеге менин бутумду жууп, массаж жасап берип жатканын билгиси келген адам жок. Мен 7 айлык кош бойлуумун. Баламды аябай чоң көтөрүп жатам. Кош болуулар билсе керек курсак чоң болсо эңкеймек түгүл түз баса албай каласың. Анысы аз келгенсип бутум шишип кетет. А жолдошум болсо шишикти бир калыпта сактап туруу үчүн кечкисин дайымассаж жасап берет.  Ушундай түшүнүктүү, камкор, мени сүйгөн жарга туш болгонума аябай ыраазымын. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg