Күйөөмдүн баняга барып келүүнү сунуштаган досуна берген жообу ыйлатты
12-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваАяшыбыз үйгө конокко келген. Экөө түнгө
дейре сүйлөшүп отурушту. Мен жумуштарым
менне сыртка чыгып кеткем. Келсем дагы
эле үйдө экен. Кыязы, бири-бирин катуу
сагынган окшойт.
Кеч кирди. Күйөөмөн досу жатып калабы
сурадым. Кете турганын айтты. Мени уктай
бер деди. Жатып алгам. Бир маалда экөөнүн
кобурашып жатканынан ойгондум. Дагы эле
кете элекпи дедим. Кызык болду. Акырын
басып барып, эшикке кулагымды такадым.
Күзүндө баш кошконбуз. Азыр башыбыздан
сонун күндөр өтүп жатат. Бир жума эле
айылда болдук. Кайын энем «менин
жанымда эмне кылмак элеңер, тур шаарга
барып жашагыла» деп дароо кубалады
(күлүп). Тарсылдаган сонун аял экен. Мага
дароо жакты.
«Өз турмушуңарды өзүңөр тарткыла» деп көп
айтат. Биз менне иши жок. Башкаларга
окшоп кийлигишпейт. Бир нресе сурап
жазсам, «балакайым, өзүң каалгандай кыла
бер» деп коет. Ооба, кайын энем мени
«балакайым»деп чакырат. Ой, башка жакка
бурулуп кеттим го…
— Досум бас кеттик. Эмне эле болуп
жатасың? Баняга барабыз, андан ары
улантабыз дегендей (каткырып күлдү).
— Жок, мен барбайм. Кеч кирип калды.
Аяшың ойгонсо кабатыр болот.
— Эмне таканын алдына кирип кеттиңби?
— Досум, сен кандай ойлосоң ошондой. Мен
сага каршы болбойм. Билесиңби, мен
аялымды үйдө отургузуп коюп, эки жакка
басуу үчүн үйлөнгөн эмесмин. Досум, буга
чейин мен канчалык көп кыз менен
сүйлөшсөм, ошончолук «крутоймун» деп
ойлоп келгем. Чынында андай эмес экен.
Баарынан бир аялды гана сүйүү, ага гана
берилүү, жоопкерчиликтүү күйөө болуу
абдан кыйын экен. Мен ошого аракет кылып
жатам. Менимче чыныгы эркектик сапат
ушунда жатат. Мен үй-бүлөмдү камсыздап,
аялымдын көңүлүн ооруткум келбейт.
— Ой тим эле, бир заматта «святой» болуп
кетесиң да. Аны жасаш оңой эле.
— Досум, оңой болсо жасап көрбөйсүңбү.
Жыргап жүрүү оңой. Ал эми бирөөнү сүйүү,
өзүңдү кармоо кыйын. Чыныгы эркек болуу-
«бабник» болуу эмес. Чыныгы эркек аялын
сыйлайт, сүйөт, баласын багат, жөн жатпайт.
Эгер сен үчүн бул таканын алды болсо, анда
мен таканын алдында болууну эле каалайм.
— Үйлөнбөй эле эркин жүрө бербейт белең
(каткырды).
— Досум, үйлөнгөн сонун нерсе. Мага ишенип
кой.
Андан ары эмне болгонун укпадым. Көп
өтпөй күйөөм жаныма келип жатты.
Уктамыш болуп, катуу кучактадым. Колумду
өөп койду дагы, терең уйкуга кетти. Мен
бактылуумун.