Коом

Күйөөмдү таштап, апамды тандап кетсемби?

Эмне кыларымды билбей жатам. Күйөөм экөөбүз кайнене-кайнатам менен турабыз. Эки балабыз бар.
Апам менен эжем жалгыз турушат Жардам берер эч кимиси жок. Бир гана мен жардам берем. Эки жакка чуркап жүрүп, ортодо аябай кыйналып кеттим. Күйөөм кызганып жатып, жумуштан да чыгарып алды. Апам оорукчан. Эжем ичип алат. Аларды ара жолго таштап коюуга дитим чыдабайт. Курсагым ток болгону менен ачка отурган апамды эстейм. Күйөөм бул абалды түшүнбөйт. “Энеңдикине улам кете берсең, ошондон ары келбе” дейт. Эми кандай айла табарымды билбей, чайналып отурам. Күйөөмдү таштап, апама кетсемби?
Айдай

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *