Коом

Күйөөмдү мыйзамдуу аялы жетелеп кетти

Күйөөмдү мыйзамдуу аялы сүйрөп кетти. Ооба той берип баш кошуп, кадимкидей калын берип сеп алып тийген күйөөм. Мындан он жыл мурун окууну бүтөр менен алакачып кеткен күйөөм бир айга жетпей уурулук менен кесилип кеткен. Көп өтпөй төркүнүмө баса бердим. Он эки жылга соттолгон эрди карап отурмак беле деп кайненем өзү узатып койгон. Ошентип бир турмуштан чыккан атка калдым. Орто жолдон окудум. Жумушка орноштум. Айтор жашоомдо жакшылыктын нурлары чачып өзүмдү бактылуу сезе баштадым. Ушундай күндөрдүн биринде кийинки күйөөм менен таанышып калдым. Аялы менен төрт жыл жашап төрөй албай эки жолго түшүп кеткенин айтып берди. Ошентип жарым жылдан кийин ак көйнөк кийип, ата-энемдин үйүнөн кайын журтум алып кетишти. Той өткөрдүк. Калындап көп өтпөй ата-энем себимди жеткирип беришти. ошентип биз бактылуу жашай баштадык. Бир айга жеткен жок. Кечке маал жумуштан келсем эшиктин алдында тестиер бала жетелеген аял туруптур. Учураштык. Бизге келгенин айтты. Үйгө кирди. Көп өтпөй күйөөм келди. Аял күйөөмдү көрсөтүп туруп: “бул менин мыйзамдуу күйөөм беш балабыз бар. Бул экинчи уулум”- деди. Оозуман сөз түшүп отуруп калдым. Күйөөм аны жалтактай карап сөз сүйлөгөн жок. Аял ордунан козголуп бас деп аны карады эле унчукпай курткасын көтөрүп алдына түшүп чыгып кетти. Ошентип ээн үйдө жалгыз калдым. алар чыккандан кийин бакырып өкүрүп ыйладым. Ата-энеме эмне деп айтарымды да билбей турдум. Тийип турган күн асманымдан кулагандай эле болду. Эртең элдер мени эмне дейт деген суроо да башыма келбей койгон жок…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *