Күйөөмдү кызганам деп башкага тарттырып алдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөмду биз сүйлдөшүп жүргөндө эле кызганчумун бирок ага билдирчу эмесмин. Турмушка чыккандан тартып ага болгон кызганычым ого бетер күчөдү. Эки жылдын ичинде мен аны канча келинден кызганып канчасы менен жакалашканга чейин бардым. Бир жыл мурун көп кабаттуу үйгө бөлүнүп көчүп келгенбиз. Астынкы кабатта жашы  отуздан ашса да турмушка чыкпаган кошуна жашачу. Анын сымбаттуу басыгы, чыгып кетсе подьезди буркураткан атырынын жыты үйгө чейин жетчү. Негедир күйөөм аны менен тааныш болбосо да андан кызганып, күйөөм келе жатканда ал чыгып калса ичим ачышып жаман  болуп кетчүмүн. Кийин күйөөмө ачык эле ошол бой аялдан кызганып жатканымды айтып, аны карабасын талап кыла баштадым. Күйөөм башында мени менен кошо урушуп кызганганымды токтотушумду суранса, кийин ошол аял менен тааныш болуп алды. Эки жолу милиция чакырып аялдын үстүнөн арыз да жазып үй-бүлөмдү бузуп жатат дедим. Көрсө мен жаңылып, өз колум менен аял аялга бакытымды тартуулаган экем. Көп өтпөй аял ачык эле күйөөмө жармашып, эки айга жетпей күйөөмдүн башын айлантып алды. Колумда уулум турганына карабай күйөөм мен жашап жаткан үйдү сатып жарым акчасын колума карматып, өзу болсо баягы аялдын үстүнө кирип алды. Алимент төлөөдөн да баш тартты. Эми уулум менен агамдын үйундө жеңем менен батышпай кор болуп жашап келем. Күйөөм болсо ал аялдан кыздуу болуп, той бериптир. Угуп алып ичим ачышып, өлгүм келди.

Аргумент.kg