Күйөөм жүрөнөөк аны жалгыз Россияга кетире албай кыйналып жатам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм аябай кыз жандуу эркек. Кээде менин көзүмчө эле көчөдөн кыздар менен тааныша калып, алардын номерин да алганга жетишет. Анын мындай жоругунан далай жолу урушуп, далай жолу төркүнүмө чейин барып келдим. азыр колумда үч уулум бар. Эми кантип күйөөм тиги  кызды карап койду деп кетем. Балдар үчун баарын көтөруп жашайм да. Карантинден кийин жумущштары мурункудай болбой тапканыбыз тартыш болуп бара жатат. Азыр Россияда жумуш жакшы болуп жатат деп күйөөмдүн достору чакырып жатат. Ал болсо барып силерди бага калам деп убада берип кете албай журөт. Жалгыз кетире берейин дейм, бирок түз жүргөн адамдар үй-бүлөсүн жоготуп башка бүлө күтүп келип жатышат. Күйөөм ар ким менен жүрө берип бизди бакмак тургай кайра таштап кетеби деп коркуп турам. Жаман да болсо күйөөм эмеспи, балдарымдын атасы да таптакыр кетиргим келбей жатат. Же чогуу кетсемби?

Аргумент.kg