Коом

Күйөөм жумушка кеттим деп компьютердик оюндарда отурат экен

Турмушка чыкканыма алты ай болду. Азырынча балалуу болууну пландай элекпиз. Себеби, биз баш кошокндо тойго деп кредит алганбыз азыр ошону экөөлөп төлөйбүз. Акыркы кезде күйөөм жумушум жакшы болбой жатат деп кредитти жалгыз төлөп жаткам. Бир айдан бери кээде келбей да калып жаткан. Чын эле жумушу оор болуп түнкүсүн таксовайтетип жатат деп ойлогом. Көрсө машинасын ломбардка коюп акча алыптыр. Ал кайнагамдын наамында болучу, ал келип унааны ломбард алып койгонун айтып мага акыл үйрөтүп мени урушуп кетти. Күйөөм күн-түнү үйгө жакын жердеги компьютердик оюнканада отурарын акыры билдим. Кумарга берилген адамдын оңолушу кыйын деп калышчу эле. Эмне кыларымды билбей жатам. Ажырашып кетсемби же оңолобу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *