Күйөөм жетишпеген турмуштан тажап кийим-кечесин көтөрүп алып, СМС менен коштошуу сөзүн жазып кетип калды … Кош бойлуу экем …

Күйөөм жетишпеген турмуштан тажап кийим-кечесин көтөрүп алып, СМС менен коштошуу сөзүн жазып кетип калды … Кош бойлуу экем …

13-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Жаш кезде турмушуң жалгыз гана сенин колуңда деп ойлойсуң. Баары сенин эркиңде, сен каалагандай болот деген ишеним күч. Бирок жашооң кээде сен ойлогондон таптакыр башка нукка бурулуп кетет экен. Кызыгы, сүйгөн адамымдан балалуу болдум. Бирок таптакыр мен каалабаган адам балама чыныгы ата болору оюма да келген эмес.
– Адам экөөбүздүн үйлөн­гөнүбүзгө анын ата-энеси каршы болду. Жети атасынан бери интеллигенттер жалгыз уулу айылдык кызды сүйүп калганын кабыл алгылары келбеди. Меникилер деле тандоомду жактыра беришпеди. Атам «Кыйрыйган шаардык жигит сени бактылуу кыла албайт го, кызым. Эми өзүң бил, турмушум болбой калды деп босогомо келчү болбо» деди. «Батаңызды бериңиз, башканын кереги жок» деп көк мелтейи кармап калган кызынын көңүлүн кыя албай акыры батасын берген.Чын эле күйөөмө биздин жетип-жетпеген турмушубуз такыр жакпай, тажатып баштады. Экөөбүз тең студент, батирдин акчасына тыйын таппай калган учурлар да болду.
– Аида, балким, апамдардыкына көчүп кетебиз? – деди бир күнү Адам.
– Экөөбүздү алар кайдан кабыл алсын. «Бизсиз жашап кете алабыз дедиңер эле…» дебейби?
– Апама жолуктум. Абалыбызды түшүндүрүп айтсам, «келгиле» деди.
Жалдырап босогосуна барган келинди мурдун чүйүрө тиктеп, маңдайымдан өөп койгонго жарабаган кайын эненин үйүнө баргандан көрө өлүм артык болуп турду. Көзүмдү
жалдыратып туруп жоолук салбай чыгарып ийген кезин эстеп чыйрыгып кеттим.
– Мен барбайм! Андан көрө ачкадан өлгөнүм артык…
– Көк бет десе…
Оодарыла ары жакты карап жатып алган күйөөмдү томсоро тиктеп турдум. Ким билет, жаштык кылгандырмын. Бирок ал мени алдап-сооласа, балким, көнөт белем? Ал анткенге жарабады, эртеси кийим-кечесин көтөрүп алып, СМС менен коштошуу сөзүн жазып кетип калды. Сүйүү деген ушул элеби деп таң калып бүтпөйм. Менин оюмча, сүйүү ортодо болгондон кийин оорду, жеңилди бирдей көтөрүп, бир кесим нанды бөлүп жеп, тагдырлаш болуу эле. Ыйлаган жокмун, жүрөгүм мыкчыла ооруй берди. Ошондон бир жумадан кийин боюмда бар экенин билдим. Университетте чогуу окуйбуз, Адам мени көрсө да көрмөксөн. Кийин сабакка да таптакыр келбей калды. Жакын курбуларымдын бири Сайра аудиторияда жалгыз отурсам келип калды.
– Аида, мен бир нерсе уктум…- деди мени аяп карап.
– Эмне болду?
– Адам башкага үйлөнүптүр дейт.
– Ким айтат?
– Экинчи группанын балдары…
– Ия?
Жайда жааган кардай болгон бул кабардан титиреп туруп калдым. Сайра байкуш боорукер эле, мени кучактап ыйлап коё берди. Кучакташа ыйлап, сооронуп, кайра күлүп отурсак Омор агай келди.
– Ай, кыздар, силерге эмне болду? – деди ал күлүмсүрөй.
Омор агай өңү серт, кый­мыл-аракети да одоно, бирок көптү билген адам болчу. Анын карт бойдок экенин айтып тамашалап жүрүшкөнүн уккам.
Ичим чоңоюп, күйөөсү бар эмес же жок эмес, алды-артымды караңгылык каптады да калды. Бир күнү бөлмөмдүн эшиги ачылып, Омор агай кирип келди. Колунда быштак, сүт, алма… Баарынан алмага талгак болуп жүргөм, сүйүнгөнүмдү айтпа. Чала-чарпыт жууп, карсылдата тиштеп жаттым. Агайдын мени тиктеп турганын көрүп уялып кеттим.
– Ананайын,- деди ал куду чоң аталарча.
– Сендей жаркыраган жандын убалынан коркпогон күйөөң курусун.
– Ал өз эрки менен анткен жок,- дедим бурк эте.
Агай башын чайкап тим болду. Ошол күндөрү врачка бардым. Анан бүтпөгөн анализдер башталды. «Кур­сактагың бала болбойт, бир кемтиги менен төрөлөт, алдырыш керек» деген бүтүмдү укканда көздөрүм чанагынан чыгып кете жаздады.
Мына баары бүттү, эми турмуш менен күрөшүүгө алым калбады. Бүрүшүп отурсам Омор агай палатага кирип келди. Ага болгон жагдайды түшүндүрүп, ыйлап да жибердим.
– Укчу мени, врачтар кээде жаңылып деле калышат. Эгерде бала бир жери кем болуп төрөлсө деле ал сенин балаң эмеспи. Сен соо баланы сүйгөндөй, балким, андан эки эселеп баланы сүйөсүң. Эгерде туура көрсөң, мен сага жардам берем. Эгер кааласаң, сен жана курсактагы балаң үчүн жашайм.
Мындай сөздү күтпөгөн жаным алайып эле туруп калдым. Айтылган сөзүнөн улам өзүн ыңгайсыз сезип, агайдын бети дуу кызарып чыкты. Ким билет, эгерде ошол убакта колумдан тартып жашоого жетелеген адам болбосо кандай болот эле. Ошол боюнча врачтардан качып кеттим. Убагы келип төрөлдү, эч кемтиги жок эле жакшынакай кыз экен. Кызымды Омор төрөтканадан алып чыкты.
Жакында эле кызыбызды сейил бакта ойнотуп жүрүп Адамга жолуктум. Омордун колунда кытылдап бараткан кызын узата тиктеди. Бул турмуштун жазасы эмес эмне?! Каныңдан жаралган бала бир кадам аралыкта турат, бирок аны балам деп айтканга акың жок! Кийин телефон чалып, жалынып ыйлап кечирим сурады. Бирок ал бакыт деген бекеттен өтүп кеткенин кеч түшүндү. Көрсө, бакыт деген таштап койсоң кайрылып келишиңди күтүп турбаган нерсе экен. Биз эми башка адамдын жайлуу бекетине айланып кеткенбиз, биз башканыкыбыз…
 Макала интернеттен алынды