Коом

Күйөөм жашоодо гана эмес төшөктө да алсыз болуп калды

Турмушка чыкканыма жети жылдын жүзү болду. Алгач баары өз орду менен болуп турмуштун арабасын тартып жаттык. Эки уулду болдук. Күйөөм аябай аракетчил, оокатка тын эле. Эки жылдан бери мүнөзү өзгөрүп, жашоосун артка тартып баштады. Тапканыбызды кайра чачып кээде ичип да коет. Мындай учурда үйдөн да кут кетет экен. Кээде ооруп жатам деп кечке жатып кечинде бир жактарга кетип калат. Күйөө милдетин болсо унутуп койдубу же эмне болуп жатат билбейм. Экөөбүз бир жуурканда жатсак да эки башка адамбыз. Бири-бирибизге жат адамдай болуп калдык. Ооруканага барып бир көрүнөлу десем мойну жар бербейт. Күйөөм чын эле ооруп жатабы же башка бирөөну таап алып,  үйгө жыйнаганын ага ташып жатабы билбейм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *