Саламатсызбы меникин чыгарып коесузбу. Турмушка чыкканыма 4ай болду. Сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Бирок күйөөм бирөө менен жашап жүрчү экен. Андан баласы бар экен. Аларда жалдырап жатып алган. Мен сенсиз жашай албайм деп. Азыр болсо сени бирөө кармап атабы, каалган жагына бар дейт. Мурдагы аялы менен сүйлөшөт окшойт азыр дагы. Кантип алданып тийип калганымды, кайсы тагдыр мени ушуга туш кылганын билбейм. Колу да тие баштады. Инстаграммдан кыздарга жазганын көрүп калдым. У тебя такие красивые глаза, у тебя офигенная фигура деп жаза бериптир. Билбейм эмнеге андай кылып жатат. Коркутуп да жалдырап да көрдүм болгон жок. Каалганынды кылчы дедим. Мен деле он келбетим жакшы. Эмнеге андай кылып жатат түшүнбөйм. Ажырашып кетсемби,менден бир топ жаш улуу. А мен жашмын